Мектеп №90 № 90 толук эмес орто мектеби

Окуу процесси

Бул программанын алкагында балдарды мектепке даярдоо төрт багыт боюнча жүргүзүлөт:

 

1.    Социалдык ыңгайлашуу;

2.    Жалпы өсүү(эс-тутумдун,көңүлдүн,интеллекттин өсүүсү);

3.    Окууга болгон кызыгууну жараткан мотивдерди калыптандыруу;

4.    Балдардын ден соолугун коргоо жана бекемдөө,алардын дене жана психикалык жактан өсүүсү үчүн болушунча шарттарды түзүү.

 

Программанын негизги милдеттери.

 

Билим берүүчү:

-мектепте ийгиликтүү окуу үчүн негизги психикалык процесстерди (көңүл,эс тутум,ой жүгүртүү) өстүрүү;

-балдарда Кыргызстан,анын борбору-Бишкек шаары,өз чөлкөмү(айыл,шаар ж.б), мамлекеттик символдор,улуттук кийимдер тууралуу түшүнүктөрдү,билимдерди калыптандыруу;

-адамдын коомдогу жана мектептеги жүрүм-турумун аныктооочу маанилүү социалдык ченемдер жана баалуулуктар тууралуу түшүнүктөрдү,билимдерди калыптандыруу;

-жөнөкөй математикалык билимдерди калыптандыруу;

-кепти активдүү пайдалануусун жана фонетикалык угумду калыптандыруу;

-мектепте окууга эмоционалдык оң мамилени калыптандыруу;

-конструктивдүү өз ара мамиленин жөнөкөй көндүмдөрүнө окутуу;

-мектепте окуу үчүн зарыл окуу иш-аракеттерин өстүрүү;

-көрсөтмөлөрдү аткаруу жана эреже боюнча аракеттене билүүсүн калыптандыруу;

-окууга кызыгуусун калыптандыруу;

-балдарды мектепке даярдоо менен башталгыч билим берүү предметтеринин ырааттуулугун калыптандыруу;

-балдарды мектеке даярдоо менен башталгыч билим берүү предметтеринин ырааттуулугун камсыз кылуу.

 Өстүрүүчү:

-6 жаштагы балдардын теңтуштары жана чоң адамдар менен пикирлеше билүүсүн өстүрүү;

-түрдүү турмуштук жагдайларга карата чечим таба билүүсүн калыптандыруу;

-6 жаштагы балдардын кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен,окутуу,тарбиялоо жана өстүрүү процессин уюштуруу;

-жазуунун майда булчуңдарды иштетүүчү кызматтарын жана жаза билүүсүн өнүктүрүү;

-айлана-чөйрөнү таанып-билүүнүн табигый-илимий формасына(тажрыйба,изилдөө,эксперимент ж.б)кызыгууну арттыруу;

-жөнөкөй логикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрүү;

-акыл калчап,жыйынтык чыгара ала билүүсүн калыптандыруу;

-сабактарда,оюндарда чыгармачылык шыгын жана ой-чабытын өстүрүү;

-организмдин физикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу;

-адам үчүн ден соолукту чыңдоонун,коргоонун жана дене маданиятынын маанилүүлүгүнтүшүнүүнү өстүрүү;

 Тарбиялоочу:

-6 жаштагы балдарда мекенчилдик сезимдерди,Мекени-Кыргызстанды,өз чөлкөмүн (айыл,шаар) сүйүүнү жана аны менен сыймыктанууну калыптандыруу4

-Кыргызстанда жашаган калкты урматтоого тарбиялоо;

-эмгекти жана чоң адамдардын эмгеги менен жаралган баалуулуктарды урматтоо;

-мамиле кылуу сапаттарын,муктаждыктарын жана кызматташууга болгон жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу;

-мектеп окуучусуна тиешелүү сапаттарды (эмгекти сүйүү,чынчылдык,тыкандык,тартиптүүлүк)калыптандыруу;

-теңтуштарын,айланасындагы адамдарды урматтоого тарбиялоо;

-өз ара түшүнүү жана өз ара жардам берүү сезимин өркүндөтүү;

-мектептеги жана коомдогу жүрүм-турум маданиятынын ченемдерин жана эрежелерин балдарга сиңирүү;

-өз ара достук мамилени жана айланадагыларга өз ара оң мамиле жасоо көндүмдөрүн өстүрүү.

 

 Балдарды 6 жаштан мектепке даярдоодо окуу процессин уюштурууга карата жалпы талаптар.

 Даярдо класстарында билим берүү процессин уюштуруу Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын,Кыргыз Республикасынын”Мектеке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын,”Мектеке чейинки билим берүү жана балдарды кароо” мамлекеттик стандартынын, Билим берүүнү 2012-2020-жж.өнүктүрүү стратегиясынын,САНПиНдин,Мектеке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобонун,мектептин уставынын ж.б. бир катар башка документтердин негизинде курулат.

Мындан улам:

1.Балдарды мектепке даярдоо класстарынын ишмердигин жалпы башкарууну мектептин директору ишке ашырат, окуу процессин уюштуруу анын окуу тарбия иштери боюнча орун басарына жүктөлүт;

2.Негизги билим берүү иши, балдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо балдарды мектепке даярдоо классындагы педагогго жүктөлөт;

3.Директор орун басарлары менен бирдикте балдарды мектепке даярдоо классындагы педагогдун ишмердигине көзөмөл жүргүзөт,анын ичинде сабактарга катышуу жана тарбиялык иш чаралар аркылуу көзөмөлдүк кылат.

4.Балдарды мектепке даярдоо классындагы окуу планы, сабактардын күн тизмеги,күн тартиби бир балага карата жол берилген эң көп окуу жүктөмүн-беш күндүк окуу жумасына 15 саатты сактоону эске алуу  менен түзүлөт.

5.Окуу план Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын иштешин жөнгө салган ченемдик жана укутук документтерди эске алуу менен түзүлөт.

6. Балдарды мектепке даярдоо класстары атайын иштелип чыккан “Наристе” программасы,усулдук материалдардын,колдонмолордун,сунуштардын топому менен иштейт.

7.Жогорку турган билим берүүнү башкаруу органы мектептин уставы.

 

 

Балдарды 6 жаштан мектепке даярдоо үчүн

                         окуу планы.

“Наристе” программасынын окуу планы беш компетенцияга негизделет:

1.Социалдык-эмоционалдык компетенттүүлүк балага социалдык-ыңгайлашууга,оң жүрүм-турумга жана социумда мамиле кылганга жөндөмдүү чыгармачыл инсан болгонго,кыргыздардын жана Кыргызстанда жашаган башка элдердин этно-маданий баалуулуктарын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

2.Ден соолукту сактоо компетенттүүлүгү балага өзүнүн ден соолугу; жеке гигиенасы үчүн кам көргөнгө; урмуш тиричилик коопсуздук эрежелерин сактоого кыймылдуу көндүмдөргө ээ болгонго жардам берет.

3.Коммуникативдик-тилдик компетенттүүлүк эне тилинде жана башка тилдерде оозеки пикирлешүүдө жана өз ара мамиледе оозеки байланыштын түрдүү каражаттарын пайдаланганга мүмкүндүк берет.

4.Таанып билүүчүлүк компетенттүүлүгү 6 жаштагы балага курчап турган дүйнөнү таанып билүүнүн табигый-илимий ыкмасына кызыгууга түртөт; талдап,баалап,акыл калчап жыйынтык чыгара алууга; математика,сабат ачуу,эне тил боюнча билимдерге ээ болгонго; алынган билимдерди жана маалыматтарды пайдаланганга шарт түзөт.

5.Чыгармачылык компетенттүүлүк балада буларды өстүргөнгө мүмкүндүк берет; живопись,скульптура,музыка,элдик кол өнөрчүлүк,искусство тууралуу билимдердин негиздерине кызыгууга;көркөм чыгармага,элдик  чыгармачылыкка карата өзүнүн мамилесин билдиргенге;өзүнүн жеке көркөм өнөнрлөрүн жаратканга; түрдүү көркөм каражаттарды пайдаланганга,майда булчуңдарды өстүрүүчү кызматтарды,сенсордук талдоону жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүргөнгө жардам берет.

 

 

 

Окуу планы төмөнкү предметтик чөйрөлөрдү

                         өзүнө камтыйт.

1.Дене өстүрүү;

2.Айлана-чөйрө менен тааныштыруу;

3.Кеп өстүрүү жана көркөм адабият;

4.Сабат ачуу;

5.Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу (ЖМТК)

6.Көркөм өнөр чыгармачылыгы;

Программада окуу планынын эки варианты камтылган:

1.Биринчи вариант салттуу предметтик чөйрөлөрдү камтыйт: дене өстүрүү,айлана чөйрө менен тааныштыруу,кеп өстүрүү жана көркөм адабият,сабат ачуу,көркөм өнөр чыгармачылыгы.

2.экинчи вариантка куррикулумдун тилдик компетенцияларына ылайык кошумча предмет”Экинчи тил” кирген.

            Жылдык программанын окуу планы

                        (биринчи вариант)

Предметтик чөйрөлөр        Сааттардын(сабактардын) саны
жума ай Окуу жылы
1 Дене өстүрүү 3 12 96
2 Айлана-чөйрө менен тааныштыруу 2 8 64
3 Кеп өстүрүү жана көркөм адабият 2 8 64
4 Сабат ачуу 3 12 96
5 Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу(ЖМТК) 3 12 96