Урматтуу ата-энелер!!!
Балдарды 1-класска кабыл алуу 2018-жылдын 1-июнунда башталат.
Балдарды кичи участок боюнча 1-класска кабыл алуу 1-июнда башталып, 15-августка чейин созулат.
Оору-сыркоо, ата-эненин өлкөдө эместиги же башка өзгөчө кырдаалдар болуп калган учурда баланы кийинчерээк кабыл алууга мүмкүн.
1-класска кабыл алуу үчүн төмөнкү документтер зарыл болот:
– ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мектеп жетекчисинин атына арызы;
– белгиленген үлгүдөгү медициналык карта (Ф-26, Ф-63);
– туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
– ата-эненин биринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) паспортунун көчүрмөсү;
– баланын жашаган жерин тастыктаган документ (эгер баланын жашап жаткан жери менен ата-эненин биринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) паспортундагы катталган жери дал келбей калган учурда);
– мектепке кабыл алуу учурундагы баланын ден соолугу тууралуу маалымдама.
Мектепке тийиштүү кичи участокто жашабаган балдарды 1-класска каттоо 15-августта башталып, 5-сентябрга чейин созулат.
mektepedugovkg
mektepedugovkg