Мектеп №90 № 90 толук эмес орто мектеби

Ички тартиби

Мектептин ички тартиби 

Ички тартиби

Мектептин ички тартиби :

  1. Директор тарабынан бекитилген сабактын жүгүртмөсү.
  2. Директор тарабынан бекитилген ийримдердин  жүгүртмөсү.
  3. Журналдар
  4. Ийримдин журналдары
  5.  Химия , физика жана кол эмгек кабинеттеринин коопсуздук эрежелери.
  6. Химия, физика , кол эмгек , дене тарбия сабактарында  коопсуздук эрежелерин сактоо   дептерине окуучулардын жана мугалимдердин  коюлган кол тамгасы .
  7. Түшкө чейинки жана түштөн кийинки класстардын сабактын регламенти
  8.  Директор тарабынан бекитилген окуучулардын жүрүм түрум эрежелери ( илинип туруу керек)
  9.  Коопсуздук эрежелери боюнча   күзөтчүнүн , МОПтордун колу коюлган дептери.
  10. Коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча буйрук.

    Мектеп режими

    Внутренний распорядок№90 толук эмес орто мектебинде окуу 15-сентябрда башталып,  9-июнда  бүтөт.

    Каникул убагын эсептебегенде окуу жылынын узактыгы:

    1-класстарда -33 жума,2-4 класстарда- 34 жума,5-9 класстарда-экзамен учурун эске алуу менен 34-36 жума.

    Каникул убагы  30 календардык кундөрдөн ашык эмес.

    Каникулдун графиги:

    Күзгү — 8 күн:                5 -ноябрдан  12- ноябрга чейин

    Кышкы — 12 кун:  31- декабрдан            11- январдан 

    Жазгы — 10 күн:  22 -марттан            31- марттан 

     2021-2022- окуу жылынын регламенти:

    Түшкө чейин                                     Түштөн кийин

    1.8.00-8.45                                 1.13.10-13.55

    2.8.50-9.35                                 2.14.00-14.45

    3.9.40-10.25                               3.14.50-15.35

    4.10.35-11.20                             4.15.45-16.30

    5.11.25-12.10                             5.16.35-17.20

    6.12.15-13-00                             6.17.25-18.10

    Расписание 2022

 

Окуучулардын жүрүш-туруш эрежелери:

 

Окуучу милдеттүү:

1. Интеллектуалдуу потенциалын максималдуу өстүрүүгө.

2. Өз көндүмдөрүн жана билгичтигин калыптандыруу, б.а өзүн – өзү түшүнүү:

  • өзүн ишмердүүлүккө уюштура билүү;
  • чечимдерди кабыл ала билүү;
  • кабыл алган чечимдердин;
  • алардын жыйынтыктарынын жоопкерчилигин алуу;
  • жамаат менен жана жекече иштөөнү билүү;
  • өздүк инсандык өсүү программасын түзө билүү;
  • өз билимин өркүндөтүү программасын ишке ашыруу;
  • аналитикалык аң-сезимдин көндүмдөрүнө ээ болуу;
  • керектүү маалыматты издөө жана колдоно билүү;
  • үйрөнө билүү;
  • ойлоно билүү;
  • кызматташа алуу;
  • ишти баштоо жана бүтүрүүгө үйрөнүү;

ОКУУЧУ МИЛДЕТҮҮ:

  • мектепте сабак башталардан 15-20 минут эрте келгенге;
  • мектеп аныктаган мектеп формасында, таза жана тыкан кийимде келүү
  • кийим чечүчү жайда сырткы кийимин чечүү, керек болгон убакта бут кийимин алмаштыруу;
  • өзүнүн окуу жерин жана окууга керектүү керек-жарактарын алдыда боло турган сабакка даярдоо;
  • мектепте жана мектептен тышкары жерлерде өзүн татыктуу, маданияттуу алып жүрүү;
  • мектептин ички тартибин жана жүрүш-турушун сактоо (окуу процессин бузбоо, сабактарга ар дайым даяр болуу, сабактарга кечикпөө,класс жана мектеп турмушуна катышуу);
  • ийгиликтүү адаптацияга бүт күчүн жумшоо;
  • педагогдор, мектеп персоналдары жана окуучулары менен өз ара сыйлоо жана этият мамиле түзүү (улууларга сый мамиле менен “Сиз” деп аты- жөнү менен кайрылуу);
  • мектептин территориясында тазалыкты жана тартипти сактоо;
  • калтырган сабактарын өз убагында тапшыруу, модулдарды, темаларды тапшыруу, план-конспекттерди көрсөтүү ж.б.;
  • мектептеги, класстагы коопсуздук атмосфераны түзүү жана колдоо;
  • сабак калтырган учурда өз убагында класс жетекчиге догдурдан же ата-энеден күбөлөндүрүүчү каттарды алып келип көрсөтүү (алардын ордун алмаштыруучулардан);
  • мектептеги, класстагы өз ордун жана ар-намысын сактоо.

ОКУУЧУЛАРГА ТЫЮУ САЛЫНАТ:

  • администрациянын уруксаатысыз сабак учурунда мектептен кетүүгө;
  • өзү каалагандай спорттук , маданияттык жана класстан тышкаркы иш-чараларды таштап кетүүгө;
  • терезенин алдына, шкафтарга, имараттык жабдууларга чыгууга;
  • тосмолордо жылгаяк тебүүгө жана тосмолорго, терезе алдына отурууга;
  • электр жана техникалык шкафтарды ачууга;
  • мектеп аянтчасында спорттук, оюн конструкциясын өз орду менен колдонбоо;
  • ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонуу (алкоголь, наркотиктер, токсиндер, амфетаминдер, тамеки ж.б.);
  • кандайдыр бир куралдарды алып келүү жана колдонуу (пистолет, бычак, мылтык, кастет ж.б.);
  • окуучуларды акча жана башка бир баалуу буюмдарды алуу максатында психологиялык жактан коркутуу;
  • денени зыянга учуратуу максатында окуучуларга физикалык күч колдонуу, мушташ кылуу үчүн ар түрдүү жолдон чыгаруучу формаларды колдонуу;
  • сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонуу;
  • сабактарды себеби жок калтырууга

ОКУУЧУЛАРДЫН САБАКТАГЫ ЖҮРҮШ-ТУРУШУ:

  • коңгуроо кагылаары менен окуучулар өз ордуна келип, сабакка тиешелүү нерселерди даярдоосу керек;
  • кезек кайтаруучу класстык бөлмөнү жана сабакка керектүү жабдыктарды даярдап, мугалимге сабакка келбеген окуучулар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү;
  • ар бир окуучу класстагы иш ордунун тазалыгы жана сакталышы үчүн жооп берет;
  • мугалим класска киргенде окуучулар саламдашуу үчүн ордунан турушу керек;
  • партанын үстүндө ашыкча эч нерсе болбошу керек; китептер жана дептерлер мугалимдин уруксааты менен ачык турушу керек;
  • сабак учурунда окуучулар түз отуруп, ашыкча сүйлөбөй, башка иштер менен алек болбошу керек;
  • окуучу сабакта мугалимдин бардык талаптарын аткарышка милдеттүү;
  • эгерде, окуучу сабак учурунда эшикке чыккысы келсе, педагогдон жооп сурашы керек;
  • окуучу жооп берүүгө күндөлүгү менен чыгуусу жана жооп берип жатканда түз туруп, ачык жана катуу сүйлөшү керек.
  • эгерде окуучу мугалимден бир нерсе сурагысы келсе, кол көтөрүп, мугалим урксаат бергенден кийин туруп, суроо бериши керек;
  • окуучулар башкаларга өз кошумчасын, алардын катасын оңдоого мугалимдин уруксааты жок эле айтууга ээ;
  • коңгуроо кагылгандан кийин мугалимдин уруксааты менен окуучулар тынч гана класстардан танаписке чыга алышат;
  • дене тарбия сабактарына окуучулар спорттук кийим жана бут кийим менен келишет. Мугалимдин уруксааты жок окуучулар спорт залга кире алышпайт. Дене тарбия сабагынан бошотулган окуучулардын да спорт залда сабакка милдеттүү түрдө катышуусу керек.

ТАНАПИСТЕГИ ЖҮРҮШ-ТУРУШУ:

  • мектеп имаратынын ичинде танапис убагында окуучу өзүн тынч, тартиптүү алып жүрүүгө милдеттүү;
  • ар бир окуучу, күзөтүү кызматчысынын талабы боюнча, өз аты-жөнүн жана классын айтууга милдеттүү;
  • коридор жана тепкичтерде жолдун оң жагында жүрүү шарт;
  • коридордо, тепкичтерде мугалим, же башка улуу адамдын алдына чыкпоо, эгерде, керек болсо уруксаат суроо керек;
  • сылык болуу, улуу адамдар жана балдар менен саламдашуу;
  • мектепке кирүү жана чыгууда башкаларды түртпөө, алдыга улууларды жана кыздарды коё берүү;
  • танаписте класста кезек кайтаруучу гана калып, имаратты салкындатып, классты иретке келтирет;
  • танаписте, сабактан уруксаат суранбаш үчүн дааратканага баруу керек, ал жерде тыкан болуп, колун милдеттүү түрдө жууш керек.

МЕКТЕП БУЮМДАРЫНЫН ЖАНА КИТЕПТЕРДИН САКТАЛЫШЫ:

  • бардык окуучулар мектеп буюмдарын сактоого милдеттүү, өз буюмдарына этияттык менен мамиле кылуусу зарыл;
  • окуучунун күнөөсү менен буюмдар бузулса, ата-энелери толугу менен ордуна коюсу, же түзөтүүсү керек;
  • окуучулар жашыл дарактарды отургузууга, сактоого, эгерде мектепке зыян келтирилсе, ордуна келтирүүгө милдеттүү;
  • окуу куралдары, китептер, окуучулардын күндөлүктөрү тыкандыкта болуусу керек;
  • бүт окуучулар окуу куралдарын сактоосу керек. Ар бир китепте арасына салынуучу тасмасы болуш керек. Барактарды жулуп же бүктөбөш керек, китепке жазууга, же сүрөт тартууга болбойт.

ЖҮРҮШ-ТУРУШ МАДАНИЯТЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР:

  • баары менен сый-урматта, жайдары болуу;
  • улуулар менен сүйлөшүп жатканда колун чөнтөгүнө салбоо, өзүн түз кармоо;
  • балдар менен саламдашканда, алардын аты-жөнүн айтуу;
  • тазалык жана тартипти сактоо, абдан маанилүүсү – булгабоо;
  • улууларга, жолдошторуна жардам берүү. Жардам суроону гана күтпөстөн, тегерегиндегилерге көңүл буруп кароо;
  • тыкан, жыйнактуу болуу милдети, бети, колунун тазалыгын сактоо, чач жасалгасына, кийиминин, бут кийиминин тазалыгына көңүл буруу.

МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ЖҮРҮШ-ТУРУШТАРЫ:

  • мектепте өтүлүүчү майрамдарга кооз кийинип, жыйнактуу, тыкан чач жасалгасы менен так убактысында келиш керек;
  • залда түртүшпөй, баарынан алдыга чуркабай, талашпай өз ордуна отуруш керек;
  • майрам башталганга чейин акырын сүйлөп, күтүш керек. Башталышы жөнүндө айтылаар замат сүйлөшкөндү токтотуу керек;
  • иш-чара убагында сүйлөшкөнгө, тегерегиндегилерге тоскоолдук кылууга, бир орундан экинчи орунга өтүүгө, ищ-чара бүткөнгө чейин таштап чыгып кетүүгө тыюу салынат;
  • улуу адамдар кирсе, орун таап берүү керек.