Мектеп №90 № 90 толук эмес орто мектеби

Ата-энелер үчүн маалымат

Баланы тарбиялоо
Ар бир ата-эненин бирден-бир максаты – баласын туура багып – өстүрүү. Баланын тарбиясы, билим алуусу үй-бүлөдөн башталат, ата-энесинин жүрүш-турушунан калыптанат. Бала канчалык жаш болсо, анын кабыл алуусу ошончо тез, терең болот. Жаш кезинде балага ата-эне эң күчтүү, эң сулуу, эң мыкты болуп сезилет. Алгачкы эң сезимтал жылдарын бала ата-энеси менен өткөрөт, алардын сүйлөгөнүн сүйлөп, жасаганын туурайт. Ошондуктан баланын жаш кезинде ата-эне кайдыгер мамиле жасабай, күчүн аябай, колунан келишинче ага тарбия, билим берүүгө милдеттүү. Баланын тарбиясына, анын келечегине биринчи иретте үй-бүлө жооптуу.

Көп ата-энелер “балам чоңойсун, анан тарбиялап, үйрөтүп алам” дешет. Бирок бул чоң жаңылыштык, себеби андай болгондо тарбиялоого кеч болуп калышы мүмкүн. Көбүнчө ата-энелердин ою боюнча билим берүү – бул тамга таанууну, жазууну, саноону үйрөтүү. Бирок, билим алууда тамга таануудан, жазуудан, саноодон тышкары, бала коомдогу мамиле түзүүнү үйрөнүүсү тийиш.

Үй-бүлө коомдун негизи болгондуктан, бала тарбиялоодо эң чоң ролду ойнойт. Үй-бүлөлөр дагы бир биринен айырмаланат. Бирин-бири сыйлаган, түшүнгөн үй-бүлөдө баласы өзүнүн гана ата-энесин, бир туугандарын, башка туугандарын сыйлагандан сырткары өзүнүн теңтуштарын дагы сыйлайт, тегерегиндеги адамдарга да сый мамиле жасайт. Ал эми үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн ортосунда чыныгы жылуу мамиле болбосо анда мындай көрүнүш баланын өөрчүшүнө терс таасир бербей койбойт. Ата-эненин балага коюлган талаптары өздөрүнүн жүрүш-туруштарына шайкеш болушу керек. Эгерде өзүлөрү аткарбаган нерсени баладан талап кылса, бала аны жасабайт, же калпка, эки жүздүүлүккө үйрөнөт.Өсүү – өнүгүү мезгилдериАр бир ата-эне баланын организминин өзгөчөлүктөрүн жана ал баланын жашына карата өсүшүнүн өзгөчөлүгүн билүүсү керек. Баланын организми чоң кишилердикинен айырмаланат