“Окуу керемет”
Мектептин китепканачысы Джолдошбекова Шарипа Абдикеримовна
23- апрель “Китеп күнүнө” карата USAIDдин “Окуу керемет” долбоору боюнча “Окуу марафонун” жана “Китеп баштыкчасы” эстафетасын башталгыч класстын окуучулары менен өткөздү. Окуу марафону башталгыч класстын окуучулары жана ата-энелери катышты. Окуучулар үйлөрүндө окуган китептерин кыскача айтып беришип, китептеги каармандарынын сүрөттөрүн тартып келишти. Катышкан окуучуларга чакан белектер берилди.
“Китеп баштыкчасы” эстафетасы 3-4 класстарынын арасында болуп өттү. 3-класстын окуучуларына куржун толо китеп берилип, 5күн убакыт берилди. Окуучулар өздөрү тандаган китептерин үйлөрүндө ата-энелери менен окушуп, класс жетекчиси менен китепканада презентация кылышып, китепчелерге каармандарынын сүрөттөрүн тартып келишти. Куржунга китептерин салышып 4-класстын окуучуларына өткөзүп беришти. 4 класстын окуучулары класс жетекчиси менен бир жумага алып кетишти.
4 класстын окуучулары класс жетекчиси менен бир жумага алып кетишти. 4 класстын окуучулары китептин каармандары жөнүндө чакан сценка аткарышып, китептерин жакташты. Ар бири каармандардын сүрөттөрүн тартышып көрсөтүштү. USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунан келген өкүлү окуучуларга китеп белек берди.
Комментарии