Кыргыз көркөм өнөрүнүн өчпөс жылдыздары унутулбайт.
СССРдин Эл артисти, кыргыздын чыгаан кино актеру жана элине көөнөрбөс көркөм сүрөттөрдүн ири топтомун мураска калтырган таланттуу художник, атына заты жарашып, өз элинин чыныгы сүймөнчүлүгү болгон Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына;
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисткасы, алдына ат салдырбас тубаса талантын ээси, кыргыз драмасы менен киносунун Жүзү болгон, Сулуулугу менен Соң-Көлдүн чүрөгү, Ала-Тоонун Айпериси атанган Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына;
СССРдин Эл артисти, карапайым тоолук уулу болсо да, көркөм өнөрдүн туу чокусун багынтып, кыргыз-совет балетинин Чолпон Жылдыз атанган атактуу бийчи, таланты менен жетекчилиги айкалышып, өз учурунда Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө ат көтөргүс зор салым кошкон Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналат.
Биздин мектептин окуучулары улуу таланттардын өмүр жолуна саресеп салып, дил баяндарды жазышты,сүрөттөрдү тартып, дубал гезиттерди чыгарышты, буклеттерди түзүштү, 9а,в класстардын окуучулары чакан сценканы тартылоо менен алардын өмүр жолунан бир-бир үзүм көсөтүштү.
Комментарии